Көпөлгөндүн формасын, теринин жана эмчектин сырткы көрүнүшүн күзгүдөн караңыз.
Колдоруңузду жогору көтөрүп, эмчегиңизди караңыз: адегенде алдынан, андан кийин эки капталынан.
Тура турган абалда үч орто манжаңыз менен эмчекти басып көрүңүз.
Жогорку тышкы төрттөн бир бөлүктөн баштаңыз — бул жерде ткандар көбүнчө тыгыз болот — андан кийин саат жебеси боюнча улантыңыз.
Андан соң ар бир эмчекти өзүнчө баш бармак менен сөөмөйдүн ортосуна кысып көрүңүз, суюктук бөлүнүп чыкпай жатканын текшериңиз.
Текшерүүнү жатып алып улантыңыз — кайрадан айлана боюнча, ар бир төрттөн бир бөлүктү кезеги менен карап чыгыңыз.
Колтук алдында шишиктердин (лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшунун) жок экенине текшерип корунуз.
Маммографияны диспансердик текшерүү учурунда же дарыгердин сунушу менен жашаган жериңиздеги поликлиникадан акысыз жасатсаңыз болот.